• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстан менен Франция туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Саясат 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париждеги стратегия жана эл аралык өнүгүү боюнча "Альп компаниясы" бөлүмүнүн директору Жан-Марк Фарини менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстанда тоо туризми активдүү түрдө өнүгүп баштаганын билдирген. Бүгүнкү күнгө чейин Франция тарап менен "Үч Чоку" долбоору боюнча иштер жүрүп жатат жана ар кандай потенциалы бар башка бир нече тоо жерлери аныкталган.

Өз кезегинде Жан-Марк "Альп компаниясы" 10 жылдан ашуун убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан лыжа өлкөлөрүндө тоо курортторун өнүктүрүүдө кеңири “ноу-хау” менен бөлүшкөн жана ошондой эле Кыргызстанда тоо өнөр жайын андан ары өнүктүрүүгө салым кошуу кызыкчылыгы жөнүндө маалымдаган. Ушул максатта "Альп компаниясы" дүйнө жүзү боюнча учурдагы тажрыйбасын эске алуу менен өзүнүн көз карашын сунуштоого жана мүмкүн болгон кызматташтыктын натыйжалуу иш-аракеттерин талкуулоого даяр экенин билдирген.

Элчи тоо туризминин объектилерин долбоорлоо жана куруу боюнча "Альп компаниясынын" кызыкчылыгына канааттануусун билдирген жана Кыргызстан өлкөнүн улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн Франциядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар экендигин белгилеген.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендигин билдиришти.

Маалымат үчүн: Alpes компаниясы (CDA)-премиум класстагы тоо курортторун иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компания. Компания жергиликтүү мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар менен тыгыз кызматташып, Франциянын эң ири 10 лыжа базасын башкарат жана өткөн жылы Кицбюхелдеги дүйнөдөгү эң мыкты лыжа тобуна ээ болгон. CDA француз мамлекеттик мекемесинин Caisse dépóts туунду компаниясы.

Пикир

Оставить комментарий