• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Жусупов ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын БА боюнча атайын өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Жусупов ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбордук Азия жана Монголия боюнча атайын өкүлү Райнхолд Лопатка менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Австриянын Вена шаарында 17-декабрда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Туруктуу өкүлдөрү ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбордук Азия жана Монголия боюнча атайын өкүлү, Австрия парламентинин мүчөсү доктор Райнхолд Лопатка менен жолугушту.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Туруктуу өкүл Жусупов Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында боло турган президенттик шайлоо жана референдум жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз Республикасы шайлоону улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык ачык, эркин жана акыйкат өткөрүүгө умтуларын белгиледи. ЕККУ ПАнын ишмердүүлүгү, айрыкча шайлоого байкоо жүргүзүү жаатындагы ишмердүүлүгү уюмдун кадыр-баркын чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушууда 2021-жылдын 4-5-январь күндөрү ЕККУ ПАнын миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Бишкекке келүүгө ниеттенип жаткандыгы белгиленди. Миссияны Лопатка жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий