Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Бельгия, Нидерланды жана Люксембургдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчиси Айдит Эркин сөз сүйлөп, Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекетти өнүктүрүүгө жана анын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө багытталган реформаларына токтолуп, каада-салтты, маданиятты, үрп-адатты жана эне тилди сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын алкагында улуу жазуучу жана гуманист, эгемен Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү биринчи элчиси Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анын элчи болуп турган турган учурда чыгармачылык ишмердүүлүгүнө арналган видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Бельгияда жашаган жаш кыргызстандыктар үчүн "Менин мекеним - Mijn moederland - Ma patrie" деген темада сүрөт сынагы уюштурулду. Сынактын жыйынтыгында төрт категория боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
Мындан тышкары, кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган популярдуу цитаталарын айтуу менен флешмоб өткөрүлдү.
Пикир
Оставить комментарий