• 87
  • 90.64
  • 0.85

БШК: Добуш берүүгө беш күн калганда сурамжылоо өткөрүүгө болбойт

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын шаарында журналисттердин катышуусунда республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өттү.

Медиафорумдун алкагында өткөн “Шайлоону чагылдыруу маселелери” сессиясынын спикери, БШКнын алдындагы үгүт өнөктүгүн жана маалымат иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушту топтун мүчөсү Семетей Аманбеков шайлоо компаниясы учурунда ЖМК өкүлдөрү тарабынан кетирилген каталар туурасында сөз кылды.

“Журналисттер үгүт иштеринде эң көп ката кетирет. Маселен, аккредитацияга документтерди кеч берүү, үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу (баланын сүрөтү), үгүт материалдарын ким төлөгөндүгү тууралуу маалыматтын жоктугу, маалымат берүүдө бирдей шарттын түзүлбөшү, дебаттардын эрежелеринин бузулушу, добуш берүү күнүнө бир күн калганда “жымжырт күнүнүн” бузулушу”, - дейт ал.

Аманбековдун маалыматында, журналисттер арасында маалымдоо менен үгүттү жетиштүү деңгээлде айырмалай албагандар да бар.

“Маалымдоо – шайлоочулардын тизмеси, шайлоо компаниясынын жүрүшү, шайлоо комиссиялары, тилкелер, добуш берүүнүн тартиби, талапкерлердин саны, шайлоо тартиби тууралуу маалыматтар. Сурамжылоо боюнча да көп каталар кетет. Алсак, сурамжылоодо атайын методика сакталса, анда ал маалымдоо болот. Методика жарандарга кайсы уюм суроо салган, кайсы күнү, жери, суроо кандай болгону жана башканы камтыйт. Белгилей кетсем, добуш берүүгө беш күн калганда сурамжылоо өткөрүүгө болбойт”, - деди жумушчу топтун мүчөсү.

Спикер үгүт – шайлоочуларды тигил же бул партия же талапкерге добуш берүүгө, каршы үндөөгө чакыруу экендигин айтат.

“Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн физикалык жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Ал эми талапкердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн физикалык жактарга 12 миң 500 сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып каралган. Мындан сырткары, БШК тарабынан эки жолу эскертүү чыкса, анда ЖМК аккредитация тизмесинен чыгарылат”, - дейт Аманбеков.

Эки күнгө созулган “Аймактык медиалар бүгүн жана эртең” темасындагы медиафорумда белгилүү кыргыз жана чет өлкөлүк медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы кастык тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу маселелери сыяктуу темалар боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, алар боюнча талкуулар уюштурулду.

Эскерте кетсек, “Ийгиликке кадам” медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” коомдук бирикмесине таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өтүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган болчу.

Белгилей кетсек, “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа”, Prevention Media сайттары жана “Марал ФМ” радиосу Нарындагы II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун маалыматтык өнөктөштөрү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий