• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Транспорт министри: “Туристтик сезондун башталышына чейин Балыкчы-Корумду автожолу оңдолуп бүтөт”

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. "Туристтик сезондун башталышына чейин Балыкчы-Корумду автожолу оңдолуп бүтөт”,-деди бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.

“2016-жылдын аягында подрядчикке жумуш планын түзүүгө тапшырма бергенбиз. Ал планда Балыкчы-Корумду автожолун тез арада оңдоп бүтүү каралган. Туристтик сезондун башталышына чейин жол асфальтталып бүтөт. Подрядчик эске ала турган жагдайлар бар. Биз заказ бергендиктен, алар жумушту сапаттуу жана өз убагында бүткөрүшүн көзөмөлдөшүбүз керек”,-деди Ж.Калилов.

Ошондой эле, министр Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү боюнча пландык иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий