Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоого катыша турган алгачкы талапкердин документин каттады.
БШКдан билдиришкендей, бүгүн, 30-октябрда документтерди Адахан Мадумаров тапшырды.
"Учурда бир гана Адахан Мадумаров катталды", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Пикир
Оставить комментарий