• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖКга шайлоо. Бактыбек Рысалиев №8 – татыктуу талапкерди тандайлы!

Шайлоо 2023 0

Бактыбек Рысалиев Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Албетте, ар бир адам баласы эс тарткандан баштап алдыга улуу максаттарды коюп, ошого жетүүгө багыт алат. Бирок, кыялга жетүү турмушта көп машакатка кабылтат. Мына ошондой татаал жолду басып, көздөгөн тилегине жетүүгө далай далалат жасаган Бактыбек Рысалиев ар кыл кесип сыноосунан татыктуу өтүп келе жатканына отуз жылдын жүзү болду.

Айтмакчы, ал касиеттүү Талас өрөөнүнүн кулуну. Чөлкөмдөгү Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында 1967-жылы төрөлгөн. Журналист катары калеми такшалган, калемгер катары кесиптештеринин арасында аброю арткан адам. Ал турмушта көп окуп, көп изденген, ар убак кайсыл бир жумуш менен убара болуп жүргөнүн кезиктирүүгө болот. Бул балким заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун: “Турмушта эң кыйыны күн сайын адам болуу...” деген накыл кебин туу тутканы болуш керек.

Эмгек жолун Улуттук телерадио берүу корпорациясында иштөө менен баштаган Бактыбек Рысалиев Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүн татыктуу жетектеген кесипкөй адис катары эмгеги жогору бааланып бир катар сыйлыктардын ээси болгонун белгилеп кетүүгө болот.

Ал бош убактысында ордо калаадагы жаңы конуштарга барып, жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, аларга жардам колун сунганды адатка айландырган. Өзгөчө өкмөттүк маалымат кызматын башкарып турган учурда конуштардагы жергиликтүү тургундардын көйгөйүнө көп маани берди. Ошонусу менен анын ысымын конуш тургундары сыймык менен оозго алышат. Келечекте андан элдин үмүтү чоң.

Материал «КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий