• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы жолдоштук беттеште эмираттык клубга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эмираттык “Аль-Наср” клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, беттеш күн мурун, 7-сентябрда Дубайдагы (БАЭ) көп функционалдуу Аль-Мактум стадионунда өткөн.

Тараптар сентябрь айындагы машыгуунун алкагында оюн талаасына чыгышкан. 1:0 эсеби менен "Аль-Насрдын" оюнчулары жеңишти илип кеткен. Жалгыз голду эмираттык клубдун оюнчусу 86-мүнөттө киргизген.

Белгилей кетсек, бул беттеш машыгуунун алкагында "Ак шумкарлардын" алгачкы контролдук оюну. Эми "Ак шумкарлар" 12-сентябрда Кувейттин курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Пикир

Оставить комментарий