• 87
  • 90.41
  • 0.84

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл алууну токтотту

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 1-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 1-августта президенттикке талапкерлерди кабыл алууну токтотту. БШКнын расмий сайтында маалымдалгандай, жалпысынан президенттикке 59 талапкер катталган.

Өзүн өзү көрсөткөн 48 талапкерден арыз түшкөн алар: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К.Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э. Зарлыков, Т. Өмүралиев, А.Айтикеев, Т. Кожогулов, П. Кенжекулов, А. Мансуров, М. Иманкулов, Ө. Бөлтүрүков, М.Мергенов.

Ал эми 10 талапкерди саясий партиялар көрсөткөн: Т.Сариев – “Ак-Шумкар”, Б.Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс”, Турсунбек Акун – “Адам укугу”, А.Мадумаров – “Бүтүн Кыргызстан”, С.Жээнбеков – “Кыргызстандын социал-демократтар партиясы”, А.Келдибеков жана К.Ташиев – “Патриоттук партиясы "Ата-Журт”, И.Масалиев – Кыргызстандын коммунисттер партиясы, Т.Асанбеков – “Мекен Ынтымагы”, Т. Акимов – “Чон казат”, К.Исаев- "Кыргызстан".

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий