• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Аэрофлот” Атай Өмүрзаковдон кечирим сурады

Коом 0

Бишкек, 1-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Аэрофлот” Кыргызстандык белгилүү бийчи Атай Өмүрзаковдон кызматкерлеринин орой мамилеси үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Атай өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал өзүнүн укугун коргош үчүн мурдараак “Аэрофлоттун” кызматкерлери ага орой мамиле жасагандыгын жазганын айткан.

“Айрым комментарий жазгандар менин посттумдан этникалык кастыкты көргөндөрү өкүнүчтүү. Биз элди бөлбөйбүз. Биз жаркын келечекти сөз кылуу үчүн, элдердин арасында ынтымак болушу керек”,-деп жазат Атай Өмүрзаков.

Ошондой эле, ал “Аэрофлоттун” жетекчилигине алардын кызматкерлерине көңүл бурууларын суранганын жазган.

“Максатыма жеттим! Бүгүн мага компаниянын өкүлү телефон чалып, окуя боюнча кечирим сурашып, “Аэрофлоттун” жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдиришти. Мындай чоң компаниялар өздөрүнүн кемчилигин моюндарына алып, анын үстүнөн иштеп жатканда, акыйкаттыктын бар экенине ишенгиң келет”,-дейт Атай Өмүрзаков.

Пикир

Оставить комментарий