• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

БШК шайлоо учурунда иш алып барган колл-борбордун ишинин жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурундагы аралыкта иш алып барган колл-борбордун ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Белгилей кетсек, колл-борбор жарандар менен ыкчам аракеттенүү, шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу маалымат берүү жана пайда болгон маселелерди чечүү боюнча иш алып барды.

Негизги натыйжалар:

Колл-борбор иштеген мезгилде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 5020 чалуу түшкөн. Бир чалуунун орточо убактысы 2 мүнөттү түзүп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө жана күтүү убактысын минималдаштырууга мүмкүндүк берди.

Колл-борборго республиканын бардык аймактарынан кайрылуулар келип түшкөн, бул шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги активдүүлүгүн көрсөтүп турат. Чалуулардын саны боюнча алдыда Бишкек шаары (1887 чалуу) жана Жалал-Абад облусу (705 чалуу) болду.

Чалуулар эркектер менен аялдардан бирдей келген.

Кайрылган жарандардын басымдуу бөлүгүн 25 жаштан 45 жашка чейинкилер түздү.

Шайлоочулардан эң көп берилүүчү суроолор бир нече негизги блокторго топтоштурулган:

  • Көпчүлүк жарандар тизмеге киргизилгендигин текшерүү жана маалыматтарды оңдоо маселеси менен кайрылышкан.
  • Жарандар партиянын программаларына жана талапкерлердин өмүр баянына активдүү кызыгышты.
  • Үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча суроолор.
  • Добуш берүүнүн тартиби жана эрежелери, бюллетендерди толтуруунун тартиби жана шайлоо участкаларынын даректери такталды.
  • Шайлоонун натыйжалары – айылдык кеңештердин ортосунда мандаттарды бөлүштүрүү жана аялдарга мандаттарды бөлүштүрүү тартиби.

Бардык суроо-талаптар кайра иштетүү статусу боюнча классификацияланып, татаал маселелер кошумча кароого өз убагында жөнөтүлүп турду. Колл-борбордун операторлору суроо-талаптардын көбүн реалдуу ошол замат чечүүгө аракет кылышты.

Белгилей кетсек, БШКнын колл-борборунун иши жарандардын шайлоо процессине байланыштуу суроолоруна ыкчам жана так жооп алууга жардам берип, жогорку деңгээлдеги эффективдүүлүктү көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий