Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жайлообай Нышановго Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты тапшырды
БШКдан билдиришкендей, бүгүн комиссиянын жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Жайлообай Данибаевич Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды.
Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Жайлообай Нышанов өз арызынын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган Чынберди Төлөновдун ордуна депутат болуп келди.
Пикир
Оставить комментарий