БШК Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту

Коом 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 14-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутаты Зарылбек Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту.

Ведомствонун маалыматы боюнча, КР БШКнын ЖК депутаты З.Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтому КР Конституциясынын 19-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,10-пункттарына, КРнын «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1,5-пункттарына, КРнын «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,9-пункттарына ылайык кабыл алынды.

Зарылбек Рысалиевдин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий