• 87
  • 90.41
  • 0.84

Будапештте кыргыз-венгер кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Будапешт шаарында Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Адам Штифтер жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн негизги суроолорун талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2025-жылга пландалган иш-чараларга, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарларды даярдоого бурулду.

Талкуунун жүрүшүндө 2024-жылдын 5-ноябрында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жана 2024-жылдын 17-18-декабрында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Венгрияга болгон иш сапарынын жыйынтыктары чыгарылды.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-венгер кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана "Stipendium Hungaricum" стипендиялык программасынын аткарылышы талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий