• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин Будённый көчөсүндө канализациянын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бишкектин Будённый көчөсүндө канализациялык насостук станцияны орнотуу менен канализация тармактарын куруу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери Куликовский көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки тилкеде жүрүп жатат. Анда темир-бетон кудуктары менен басымсыз түтүктөр тартылууда.

"Курулуш иштери 5 этап менен пландаштырылган. Биринчи кезекте узундугу 310 погондук метр болгон магистралдык канализация тармактарын куруу иштери аяктады. Бүгүнкү күндө 500 погондук метр узундуктагы иштердин экинчи этабы аяктоо стадиясында турат. Курулушта диаметри 300 мм болгон түтүктөр колдонулууда". - деп белгилешти муниципалитеттен.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландаштырып алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий