• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектеги сейил бактарда тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы «Карагай токой, «Ынтымак», «Жаштык», «Ден соолук» сейил бактарын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда гүлзарларды отоо, чөптөрдү чабуу, гүл отургузуучу аянттарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы жарандарды сейил бактардагы жүрүп жаткан аракеттерге аяр мамиле кылып, жумушчулардын эмгегин баалоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий