• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы болду

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы өттү.

КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, кыргыз-түрк ооруканасы жогорку деңгээлде болот. “Ооруканада жогорку технологиялуу операциялар жана дарылоолор жүргүзүлөт, бул дарылануу үчүн чет өлкөгө кетип жаткан жарандарыбыздын санын азайтат”,-деди ал.

Мындан тышкары, министр Бейшеналиев келишимдин алкагында Түркиядан жогорку деңгээлдеги 30 дарыгер (21 эркек жана 9 аял) Кыргызстанга жиберилгенин белгиледи. “Ошондой эле жакын арада Түркиядан дагы 30 дарыгердин келүүсү пландалууда”,-деп кошумчалады министр.

Эскерте кетсек, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн 72 орун даярдалган (анын ичинде 21и жандандыруу бөлүмүндө).

Пикир

Оставить комментарий