• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Букуев: Футбол боюнча курама ийгиликтүү оюндарды көрсөтүүгө болгон күч-аракетин жумшайт

Спорт 0

Бишкек, 20.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ийгиликтүү оюндарды көрсөтүүгө болгон күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, словакиялык адис Стефан Таркович менен келишимди узартпоо чечими кабыл алынгандан кийин жаңы машыктыруучу дайындалды. Башкы машыктыруучу ким болбосун, улуттук курама команданын алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу башкы орунда турат.

"Учурда командабыз менен машыктыруучу чемпионатка даярданууну баштады. Ошондой эле Азия кубогуна ийгиликтүү катышуу милдети турат. Байгелүү орунга жетишүүгө аракет жасоо зарыл", - деди Нурдин Букуев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундуна чыккан. Ошондой эле 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий