Валентина Шевченко UFC менен жаңы контракт түздү

Спорт 0

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC менен жаңы контрактка кол койду. Жаңы келишим боюнча ал дагы бир нече беттеш өткөрөт.

Жаңы келишим тууралуу башка маалымат азырынча айтылган жок.

"Валентинанын кызыкчылыгына жооп берген келишим түздүк. UFC менен болгон мамиле жакшы болуп баратат", – деди Валентинанын менеджери Роджер Аллен.

Эске салсак, 8-июнда Шевченко UFC чемпиондук наамын коргоо үчүн Джессикой Ай менен беттешет.

Валентина Шевченко 2018-жылы декабрь айында жеңил салмакта UFC чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий