• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Темиркан Субановдун элесине арналган улуттук күрөш боюнча ИИМдин чемпионаты аяктады

Спорт 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Кыргыз дене тарбия – спорт уюму "Динамо" коомдук бирикмесинин түштүк спорт комплексинде улуттук күрөш боюнча Ички иштер министрлигинин юбилейлик чемпионаты аяктады, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Милициянын генерал-майору Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган спортчулардын мелдешине республиканын бардык аймактарынан жүздөн ашуун спортчу катышты.

Юбилейлик мелдештин сыйлыктары үчүн жети салмак категориясында ар кандай республикалык жана эл аралык мелдештерде бир нече жолу жеңишке жеткен, ар кандай ички иштер органдарынын тажрыйбалуу балбандары күч сынашты.

“Бул чемпионатта Атайын багыттагы полктун шумкарлары өздөрүн эң ишенимдүү көрсөтүштү. Юбилейлик чемпионаттын бир нече медалын жеңип алган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү машыктыруучуларды жана командалаштарды дагы кубандырышты”,-деп айтылат маалыматта.

Командалык биринчиликтеги эки күндүк мелдештин жыйынтыгында Атайын багыттагы полктун шумкарлары (ИИМ "Шумкар" АБП) негизги кубокту жана 8 миң сом акчалай сыйлыкты утуп алышты.

Экинчи орунда Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын спортчулары, үчүнчү орунда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын (ИИМ КК) кызматкерлери ээлешти.

Турнирдин жабылыш аземинде спортчуларды мелдештин ийгиликтүү аякташы менен "Динамо" спорт коомунун төрагасынын орун басары, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын орун басары Төрөкул Мадалиев куттуктады.

Ал барына ийгиликтерди жана жеңишкендиктерди каалап, келечекте укук коргоо органдарынын спортчулары башка чемпионаттарда жана мелдештерде дагы жогорку көрсөткүчтөргө жетишет деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий