• 87
  • 90.41
  • 0.84

Булуттук электрондук кол тамганы кайдан жана кантип алууга болот? Жооп

Коом 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу үчүн булуттук электрондук кол тамганы кайдан жана кантип алууга болорун айтып беришти.

Министрликтен белгилешкендей, калкты тейлөө борборуна (КТБ) бир жолу эле барып, булуттук электрондук кол тамганы акысыз алып, кызматтарды онлайн режиминде колдонууга болот.

"КТБга баратканда паспортуңузду алууну унутпаңыз", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми юридикалык жактар үчүн төмөнкү документтер керек болот:

  • "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын (МИ) Тастыктоо борборунун (ТБ) регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуу (Макулдашууну infocom.kg сайтынын "Биздин ТБ" бөлүгүнөн жүктөп алсаңыз болот);
  • Юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн Тастыктоо борборунун колдонуучусунун ишеним каты (Ишеним катты infocom.kg сайтынын "Биздин ТБ" бөлүгүнөн жүктөп алсаңыз болот);
  • Тастыктоо борборунун колдонуучусунун паспорт көчүрмөсү (түп нускасы жанында болушу керек);
  • Ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;
  • Уюм жетекчисин дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
  • Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

КТБ операторлору бир нече мүнөттүн ичинде булуттук электрондук кол тамганы беришет, ошондой эле бирдиктүү идентификациялоо системасынын паролун берилген электрондук почтага жөнөтүшөт.

Булуттук кол тамга менен, Сиз portal.tunduk.kg сайтынан онлайн кызматтарын жана Tunduk мобилдик тиркемесин колдоно аласыз.

Булуттук электрондук кол тамганы алуу боюнча маалыматты, ошондой эле КТБнын даректерин 119 колл-борборунан тактоого болот (чалуу акысыз).

Пикир

Оставить комментарий