• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Ак-Ордо" жаңы конушунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. "Бишкексууканал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, "Ак-Ордо" жаңы конушундагы суу түтүктѳрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 13-сентябрында саат 9:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иштер жаңы конуштарды суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдѳ.

Бишкек шаарынын мэриясы жана "Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий