• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан Евробиримдик менен транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө даяр – элчи Базарбаев

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Сенаты Италиянын Азия менен кызматташуу институту (ISIA) менен биргеликте уюштурган «Орто коридор: Италия, Азербайжан жана Борбордук Азия ортосундагы коопсуз транзиттик маршрут» деген темада иш-чарага катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, элчи Таалай Базарбаев өз сөзүндө Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык абалы жана туруктуу транспортту өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн транспорт саясатынын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө айтып берди.

Базарбаев Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын кызматташуусу эки тарапка тең чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилеп, ошондой эле аймактар ортосундагы транспорттук жана соода коридорлорун өнүктүрүүгө чакырды.

Элчи Европа менен Азияны байланыштырган Кыргызстандын транспорт коридорлорунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» эл аралык темир жолунун курулушун баштоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди

Ошондой эле элчи кыргыз тарап Италия жана Европа биримдиктин башка өлкөлөрү менен транспорттук инфраструктураны жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Иш-чарага Италиянын Сенатынын депутаттары, Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Э.Чириелли жана Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери, ошондой эле эл аралык саясат боюнча италиялык алдыңкы эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий