• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Буржуев: ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү өз убагында жасала турган чара болот

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. “Эгерде биз келечекте интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнү пландаштырсак Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү өз убагында жасала турган чара болот”, - деди Кыргызстандын президентинин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев.

Анын айтымында, аталган система тышкы тобокелдиктерден коргойт.

“Жалгыз чогуу иш аткарганга караганда азыраак иш кылынат. Ушуга байланыштуу маалымат чөйрөсүндөгү бардык тобокелдиктерге жооп берүү жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү борбор түзүү зарыл деп эсептейм”, - деди ал.

Буржуев айрым тобокелдиктер бар экенин айтып, бирдиктүү маалыматтык системанда мүчүлүштүк кетсе, анда биздин система дагы кыйынчылыкка туш болорун кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов Евразиялык экономикалык форумдун алкагында ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү зарылчылыгы пайда болгонун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий