• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абаддагы Ала-Бука-Шекафтар-Пап унаа жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Жалал-Абаддагы Ала-Бука-Шекафтар-Пап унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-майда Ала-Бука-Шекафтар-Пап унаа жолунун 23-чакырымында унаа өтүүчү көпүрө кулаган. Аталган унаа жолу Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүндөгү Шекафтар айылында жайгашкан.

Жерине ӨКМден 3 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, ЖТИден 5 кызматкер, 2 жүктөгүч, 1 жүк ташуучу унаа тартылган.

Натыйжада урап түшкөн көпүрөдөн 100 метр алыс аралыкта темир түтүкчө орнотулуп, унаалар үчүн айланма жол салынды. Саат 22:00дөн тарта бир тараптуу жол каттамы ачылган.

Аталган аймакта бүгүн, 26-майга карата тартылган техникалык каражаттардын жардамы менен иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий