• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Эмгек министрлиги ЕАЭБ алкагында окутуу үчүн бирдиктүү санариптик платформаны түзүүгө ниеттенүүдө

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. КРнын Эмгек министрлиги ЕАЭБ алкагында окутуу үчүн бирдиктүү санариптик платформаны түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев ЕЭКтин "Стратегия – 2025: жаштардын ЕАЭБди өнүктүрүүгө болгон көз карашы" форумунун сессиясында Бишкекте өтүп жаткан "Евразия экономикалык форумунун" алкагында билдирди.

Министрдин орун басары "Эмгек рыногундагы жаштар - ЕАЭБдин келечеги: чакырыктар жана келечеги" темасындагы сөзүндө жаштардын, ошондой эле социалдык колдоого муктаж жарандардын категорияларынын көйгөйлөрү мамлекет тарабынан өзгөчө көңүлгө алынууга тийиш экендигин белгиледи.

"Буга байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн келечек муундарынын бирдиктүү фондун (же Жаштар демилгелерин колдоо фондун) түзүү маселесин кароону сунуштайбыз. Фонддун негизги максаты-жаштардын бизнес-демилгелерин, стартаптарын, чыгармачылык дараметин ишке ашырууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду өнүктүрүү үчүн: өзү үчүн жана өз коомчулугу үчүн финансылык каражаттарды бөлүү жолу менен балдарды жана жаштарды колдоонун бирдиктүү системасын түзүү.

Ошондой эле ЕАЭБ алкагында өзгөчө аярлуу топторду (жаш адистерди, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, аялдарды ж.б.) окутуу үчүн бирдиктүү санариптик платформаны түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул долбоордун алкагында жаш адистер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, майыптыгы бар адамдар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыкты билим берүү мекемелеринде онлайн режиминде IT-технологиялар боюнча окуудан/же кыска мөөнөттүү курстан өтө алышат", - деди министрдин орун басары.

Евразия экономикалык форуму Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылган бирликтин мамлекеттеринде кезектешип өткөрүлүүчү Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык чөйрөдөгү жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чарасы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий