• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Бутунан оор жаракат алган Аширова: Бүгүн атка өзү билемдик менен минди, эртең мас болчу деп айтышат

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Сауд Арабиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатканда бутунан оор жаракат алган кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова атка өз билемдик менен минген эмес. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова, Асланайым Аширова атка өз билемдик менен минип жаракат алганын жазган.

Бирок Асланайым Аширова өз баракчасына жазгандай, ал тууралуу жалган маалыматтар айтылууда.

"Сиз (Айнура Т.) атка өз билемдик менен минди деп жазып жатасыз. Бул калп. Ал чыккынчылыктай угулат экен. Өзүңүздү (Айнура Т.) коргоп калгыңыз келгендей көрүнөт экен. Эч ким жоопкерчилик алгысы келбегенин түшүнөм. Бирок, калп айтуунун эмне кереги бар? Падышалыктын полициясы бүтүндөй объектти катуу көзөмөлдөп жатат. Мен кантип өз билемдик менен барып ат минмек элем? Атты башкара албай бутун сындырды, эми өзү билемдик менен ат минди деп айтышууда... эртең мас болчу дешет... Бул эмне дегендик?! Мен атка мыкты минем", - деп жазат ал.

Ал, ат үстүндө бара жатканда ат токтой турган жерде бир кыз ат минип турганын жана аны сүзүп албаш үчүн аракет кылып, өзү жаракат алганын жазган.

"Кыз жаракат албасын деп атты бурганга аракет кылдым. Сокку өзүмдүн бутума туура келди. Эгер аны сүзгөндө эмне болор эле?", - дейт ал.

Белгилей кетсек, кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жаткан учурда бутунан оор жаракат алган.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, учурда ал Эр-Рияд шаарындагы (Сауд Аравиясы) ооруканалардын биринде жатат жана тиешелүү дарыларды алууда.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы Асланайым Ашированын оор жаракат алганын тастыктап, конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жаачы кыз өзү билемдик менен атка минип, бутун оорутуп алгандыгын жазган.

Пикир

Оставить комментарий