• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

УКМК төрагасы «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарды куттуктады

Коом 0

Бишкек, 27.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарада УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң акча каражатын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аркасы менен 2021-жылы имараттарды ижарага алууга 1 млн сом, 2022-жылы 500 миң сом берилгендигин айтты.

Жыйындын аягында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий