• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Максат" балдарды реабилитациялоо борборунда майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 23.12.23. /Кабар/. Чүй облустук "Максат" майып жана жетим балдарды реабилитациялоо борборундагы майыптыгы бар балдар үчүн жаңы жылдык иш-чара өткөрүлдү. Кайрымдуулук иш-чарасы Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан демилгеленген.

Айыл өкмөттөн билдиришкендей, анда балдар үчүн жаңы жылдык концерттик программа уюштурулуп, ар кандай каармандардын костюмдары менен сценкалар тартууланып, ар кандай сынактар өткөрүлдү.

Майрамдык программага 60ка жакын бала катышты. Балдар жаңы жылдык концертти жактырышты. Ар бир бала жаңы жылдык таттуу белек алышты.

Ата-энелер жана балдар үйүнүн жетекчилиги уюштуруучуларга жаркын жана берешен майрамдык иш-чара үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий