• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ош шаарында жаңы ФАП пайдаланууга берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 23.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Ош шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу Жапалак аймактык Фельдшердик-акушердик пункттун жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Жаңы курулган ФАПта кызматкерлер жана калк үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, медициналык кызматтын сапаты жакшырууда.

Пикир

Оставить комментарий