• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

БУУ Кыргызстан менен баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга даяр

Коом 0


Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов БУУ баңгизат жана кылмыштуулук башкармалы Программалык кеңсесинин долбоорунун Кыргызстандагы эл аралык координатору Джордж Абаджян менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушууда Октябрь Урмамбетов укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, санариптештирүү жаатында заманбап технологиялык жана программалык камсыздоонун жардамы менен калкты тейлөө жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу ИИМ үчүн актуалдуу болуп саналарын белгиледи.

"Бул багытта ички иштер министрлиги тарабынан кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Ички иштер органдарынын кызматкерлери күнүмдүк ишинде видео байкоо камераларын, бодикамераларды жана планшеттерди активдүү колдонушат. Мындай алдыңкы технологияларды колдонуу мыйзам бузууларды жана кылмыштарды өз убагында алдын алууга, ошол эле учурда кызматкерлерди кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан коркунучтардан коргоого жардам берет", - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Джордж Абажян ИИМдин баңгикылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жогорку натыйжаларын белгилеп, мындан аркы бардык багыттар боюнча жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий