• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Буудайдын айдоо аянттарын 300 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалууда - Чодуев

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. Кабар/. Буудайдын айдоо аянттарын 300 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, быйыл өлкөдө буудай 247,5 миң гектар жерге айдалган.

"Бүгүнкү күндө оруп-жыюу иштери жакшы уюшкандыкта өтүп жатат", - деди ал.

Ал буудайдын айдоо аянттарын көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.

"Буудайдын айдоо аянттарын 300 миң гектарга чейин көбөйтүүнү сунуштап жатабыз. Анын 220 миңи күздүк, 80 миң гектары жаздык буудай болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий