• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек жана Чүй облусунда дагы камералар орнотулат – тизме

Коом 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоорунун II фазасынын алкагында 12нен 16-мартка чейин камералар орнотулат. Бул тууралуу КР Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкектин төмөнкү көчөлөрүндө камера орнотулат:

- Бөкөнбаев - Манас;
- Чүй - Манас;
- Чүй - Павлов;
- Жибек Жолу - Манас;
- Махатма Ганди - Боталиев;
- Жибек Жолу - Курманжан Датка;
- Ахунбаев - Байтик Баатыр;
- Чүй - Абдрахманов;
- Байтик Баатыр - М.Горький;
- Шабдан Батыр көчөсүндөгү көпүрө;
- Ибраимов көчөсүндөгү көпүрө.

Камералар 2019-жылдын 12-мартында орнотулат.

Чүй облусундагы үч негизги трассада камера орнотулат:

Бишкек-Ош:

- 154,3-чакырымдарда (12-мартта);
- 160-чакырымда (13-мартта).

Бишкек – Чалдовар:

- Кара-Балта шаарындагы "Мээрим" дүкөнүнүн маңдайы, 61,6-чакырым (12-мартта);
- Алексеевка айылы, 66-чакырым (13-мартта);
- Вознесеновка айылы, 67,3-чакырым (14-мартта);
- Панфилов айылы, 74-чакырым (15-мартта);
- Панфиловка айылы, 78,2-чакырым (16-мартта).

Бишкек – Торугарт:

- Киргшелк айылындагы "Газпромдун" жанында 17,7-чакырым (12-мартта);
- Люксембург айылындагы "Бишкек Петролеумдун" жанында 18,8-чакырым (13-мартта);
- Люксембург айылы, Ленин-Западный көчөлөрүнүн кесилиши, 20-чакырым (14-мартта);
- Кант шаарындагы "Газпромдун" маңдайында, 25-чакырым (15-мартта);
- Красная-речка айылындагы Ленин көчөсү 151-үй, 31,7-чакырым (16-мартта).

Пикир

Оставить комментарий