• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жээнбеков Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жылуу каалоолорумду кабыл алыңыз.

Бүгүнкү күндө Түркия өзүнүн өнүгүү жолун таап, түрк элинин жыргалчылыгына багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жатат.

Сиз жүргүзүп жаткан мамлекеттик кайра түзүүлөр жана реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин бакубаттыгын жогорулатууга жана эл аралык аренада Түркиянын аброюнун бекемделишине өбөлгө болууда.

Достук, өз ара жардам жана түшүнүшүү салттарына негизделген кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгы Сиздин колдооңуз менен күн санап бекемделүүдө.

Сизге чың ден-соолук, узак өмүр, мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош түрк элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий