• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун үчүнчү семинары өттү

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму (ФАО) уюштурган "Тамак-аш тутумундагы инновация: Тамак-аш системаларынын саммитине жол" аталышындагы Орто Азия айыл чарба министрлеринин үчүнчү веб-семинары өттү. Бул тууралуу КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, вебинарга БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъюй, ФАОнун Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Владимир Рахманин жана Орто Азиянын айыл чарба министрлери катышты.

Жыйындындын максаты — Орто Азия өлкөлөрүндөгү тамак-аш тутумундагы инновациялык туруктуулук, экспорттук потенциал, соода-экономикалык мамилелер жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантуу жана активдештирүү жөнүндө бирдиктүү пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий