БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди. Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт, ошондой эле эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Пикир

Оставить комментарий