• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан жана Япониянын өз ара кызыкчылыктары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.01.18. /Кабар/. КР ТИМде кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Япониянын КРдагы элчиси менен жолугушту.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар өз ара кызыкчылыктарды камтыган маселелерди, ошондой эле Кыргызстан жана Япониянын ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууларды талкуулашты.

Кемелова ЮНЕСКОнун алкагында адамзатынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана сактоо тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Анын ичинде япон тарапка ЮНЕСКО дүйнөлук мурастарынын тизмесине киргизилген Красная речка (Невакат) жана Ак-Бешим (Суяб) шаарларын туристтерди көбөйтүү максатында сактоо жана музейлештирүүгө аракеттешүү сунушталды.

Тараптар 2018-жылдын 26-январында Дүйшөнбү шаарында өтө турган “Борбор Азия + Япония” Диалогунун 12-чи Кеңешмесине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий