• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

КР ТИМ башчысы дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу Түркмөнстандын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередовду дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана энергетикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Ошондой эле кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу жана келечектүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Өз кезегинде элчи Мередов Кыргызстанда Түркмөнстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектеп турган учурда кыргыз тараптын көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда министр Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы жана аткарган иштери үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий