• 87.7
  • 94.85
  • 0.98

Казакстанда ММКлардын мамлекеттик бюджетин ачыкка чыгарууну талап кылышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.01.18 /Кабар/. Астананын адистештирилген экономикалык сотунда Казакстан Маалымат жана коммуникация министрлигине берилген доо арыздын негизинде отурум өттү. Укук коргоочулар министрликтен ар бир ММК үчүн былтыр бюджеттен канча каражат бөлүнгөнү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылышууда.

Сот отурумуна журналисттер киризилген жок.

Маалымат жана коммуникация министрлиги кайсы ММК мамлекеттик бюджеттен канча көлөмдө акча алганын ачыктоодон баш тарткан. “Укуктук медиа-борбор” коомдук фонду бул маалыматтарды сот аркылуу билүүгө аракет жасоодо.

Былтыр министрликтин сайтында маалымат саясатын республикалык деңгээлде жүргүзүү үчүн мамлекеттик заказдын жыйынтыктарынын протоколу жарыяланган. Бирок эки миллиард теңгеден ашык суммадагы бюджеттик каражатты кимдер алганы тууралуу маалымат ачыкка чыгарылган эмес.

Юрист Гүлмира Биржанованын айтымында, министр Даурен Абаев бул маалыматтарды “кызматтык колдонуу үчүн” деген категорияга киргизген. Буга байланыштуу “Укуктук медиа-борбор” коомдук фонду аткаминердин чечимин сот аркылуу жокко чыгарууну чечкен.

Кийинки сот отуруму 25-январга белгиленди.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий