• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда карды атып түшүрүү иш-чарасы болот

Коом 0

Бишкек, 17.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда саат 10:00дө кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары 246-чакырымында (Көчкүлү-Булак тилкеси) жүргүзүлөт,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы (132-137,198-255-чакырымдарында) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-январынан 22-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

“Ага байланыштуу КРнын Жарандык коргонуунун башчысы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 15-январында №2 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КРнын КК Генералдык штабынын 1 артиллериялык эсеби кечээ, 16-январда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан саат 07:00дө жолго чыгышып, саат 20:40та Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясына КР ӨКМ ыкчам тобу менен биргеликте жетип, түнөп калышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий