БУУнун башкы катчысы Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди

Саясат 0

Чолпон-Ате, 02.07.24./Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.

Ал белгилегендей, Газадагы каралдуу жаңжалга тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Газада армия жок, бирок ал жакта мезгил-мезгили менен чоң жоготуулар жана кыйроолорго алып келген бомбалоолор жүргүзүлүп жатат. "Буга чекит коюлушу керек. Ушул себептен биз башынан бери эле ок атууну токтотууну, барымтадагыларды бошотууну жана Газанын жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранып келе жатабыз", - деди БУУнун башкы катчысы.

Анын айтымында, гуманитардык каатчылык абалды андан ары курчутууда. Ошондой эле Гуттериш абалдын курчуп кетүү коркунучуна байланышту тынчсыздануусун билдирди. "Бул эле аралык коомчулук үчүн кабыл алынгыс нерсе, биз тынчтык болот деп үмүттөнөбүз", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий