БУУнун башкы катчысы ӨКМдин табигый кырсыктардын алдын алуу аракеттери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу шаардагы курулушу жаңы аяктаган "Жүдөмүш" каналынын аймагында өтүп, ага БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева жана жергиликтүү тургундар дагы катышты.

Жолугушуунун алкагында башкы катчы Гутерриш жергиликтүү тургундар менен болгон талкууга катышты.

БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева тобокелдиктердин жогорулашы, суунун жетишсиздиги, айлана-чөйрөнүн бузулушу, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана социалдык жер которуу климаттын өзгөрүшүнө алып келерин белгиледи. Кыргызстанда абигый кырсык коркунучун башкаруу жана жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Эскерте кетсек, күн мурун БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш иш сапары менен Кыргызстанга келген. Бүгүн президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий