• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Новопавловкада жоголуп кеткен жаш балдар Бишкектеги Панфилов паркынан табылышты

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Новопавловкада жоголуп кеткен жаш балдар Бишкектеги Панфилов паркынан табылышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-мартта Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1987-жылы туулган Г.В., аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2011-жылы туулган Г.И., жана 2016-жылы туулган Г.Н., аттуу балдары Сокулук районунун Новопавловка айылындагы паркта ойноп жатып жоголуп кеткендигин кабарлаган.

Бул боюнча багыттаманын негизинде кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, Бишкек шаарынын Панфилов паркынан жаш балдарды таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде балдардын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий