• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандагы тектүү ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү багытында семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргызпатент Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен бирге “Географиялык көрсөткүчтөрдү коргоо аркылуу Кыргызстандагы тектүү ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү” аталышындагы регионалдык семинар өткөрдү. Бул тууралуу вкдомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Географиялык көрсөткүч – интеллектуалдык менчиктин уникалдуу объектиси. Ал мыйзамда белгиленген тартипте аймактын өндүрүүчүлөрүнө ушул аталышка укуктарды берүүгө мүмкүндүк берет (табигый жана/же адам ресурстарынын эсебинен продукттун айрым сапаттарын камсыз кылуу).

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева ачып, экономиканы шыктандырууда, атаандаштыкты жогорулатууда жана регионалдык бренддерди жайылтуудагы географиялык көрсөткүчтөрдүн жарандык жүгүртүүгө киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Географиялык көрсөткүчтөрдү интеллектуалдык менчиктин жаңы объектиси катары мыйзамдык деңгээлде бекитилиши биздин товарлардын эл аралык рыноктогу коргоого жакшы шарт түзө тургандыгын кошумчалады.

Семинардын алкагында Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товарлардын келип чыгуу аталыштары жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясы презентацияланып, талкууга коюлду.

Чет өлкөлүк эксперттер географиялык көрсөткүчтөрдү колдонуу боюнча эл аралык тажрыйба менен бөлүштү.

Иш-чарага мамлекеттик ведомстволордун, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана кызыкдар тараптар катышты.

Пикир

Оставить комментарий