• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Автандил КУЛБАРАКОВ, ЖК депутаты: Бардык тармактарыбызда өсүштөр бар, буга сүйүнөлү

Коом 0

- Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө экономикасынын баардык тармактактарындагы көрсөткүчтөр дээрлик оң натыйжага ээ болгонун билдирди. Сиз мындай жыйынтыкка кошуласызбы?

- Мен Сооронбай Шариповичтин пикири менен кошулам. Ал премьер-министр, жетекчи катары өлкөбүздүн баардык тармактарынан өсүштү көрсөттү. Анын бул жааттагы күрдөөлдүү иштерин парламентке келген отчетунда да көрдүк. 2017-жылдагы алгачкы айлардагы жетишкендиктерин өзүбүз деле көрүп жатабыз дегендей. Буюрса, бардык тармактарыбызда өсүштөр бар. Буга сүйүнөлү. Экономикадагы өсүштөрдөн тышкары өкмөт башчынын аракети менен канчалаган иштер аткарылып жатат. Эң ириде өлкөбүздөгү иренжиткен ички жолдор оңолуп, мектеп, бала-бакчалар салынууда. Суу каналдары курулуп жатат. Мунусун дагы адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек. Иштеп жаткан кишини иштеди деп эле айталы. Иштебеген кишини иштеди деп айткан жокпуз да. Өкмөт башчы катары өзүңөр деле көрүп жатасыңар, такыр бир жаны тына элек. Чапкылап эле региондорду кыдырып, көйгөйлөрдү жеринде чечип келүүдө. Кыскасы, өкмөт башчы катары ишинин ырааты жаман эмес.

- Сиз парламентке алыскы Жумгал районунан аттанган эл өкүлүсүз да. Маселен, өлкөбүздүн “кара алтыны” болгон көмүр өндүрүү Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн тушунда кандай деңгээлде болуп жатат? Дегеле Жумгалдагы көйгөйлөргө Сооронбай Жээнбеков көз кырын салып жатабы?

- Менимче, Сооронбай Шарипович жеке эле Жумгалга эмес, өлкөбүздүн баардык тармактарына тегиз карап, региондордун баарына чапкылап барып, текши көңүл бурууда. Жакында ал кишинин аракети менен биздин Жумгалга жалпы суммасы 60 млн сомдук 2 БСР (суу топтогуч) курууга аракет кылып, азыр проектилери бүтүп калгандыгы маалым болду. Түндүк-Түштүк жолун эске албаганда дагы кыргыз өкмөтүнүн аракети менен Жумгал районундагы Чаек, Кайырма, Кызарт айылдарынын ичиндеги тамтыгы чыккан, иренжиткен ички жолдорду асфальтталууда. Токтоп калган мектептердин курулушу да кайрадан жанданып, салынууда. Өзгөчө көмүр өндүрүү боюнча биздин Жумгалда абал жакшы. Буга чейин көмүрдү Казакстандан эле алып, көз каранды болуп келсек, быйылтан тарта өкмөттүн аракети менен “көмүр өндүргөн жергиликтүү ишканаларды көтөрөлү” деп Кара-Кечедеги өзүбүздүн “кара алтынды” көбүрөөк өлчөмдө өндүрүүнү колго алышты. Ток этери, азыркы кыргыз өкмөтү, аны башкарган Сооронбай Жээнбеков боюнча эч жаман пикирди уга элекпиз. Биз эл аралап жүрөбүз го.

Пикир

Оставить комментарий