• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чоң-Арык конушунда үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 26.04.24./Кабар/. Чоң-Арык конушунда Семетей көчөсүндө жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборун куруу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жертөлөсү бар эки кабаттуу имарат. Жалпы аянты 1283 чарчы метр, 250 кишини кабыл алууга ылайыкталган.

Долбоордун алкагында ЭКГ жана УЗИ өткөрүү үчүн кабинеттер, ошондой эле дарыгерлер үчүн бөлмөлөр, техникалык зоналар, стерилизациялык жайлар, лифт жана тазалык түйүндөрү болот.

Мындан тышкары, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Бүгүнкү күндө жер төлөнүн монолит иштери аяктап, биринчи кабатынын монолит каркас жумуштары жүрүп жатат.

Үй-бүлөлүк медицина борборун куруу үчүн «Эсир Компании» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий