• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек шаарынын казысынын орун басары БУУнун «Ыраазычылык баракчасы» менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн жана «Эл аралык тоолеранттуулук үчүн» фондунун атайын «Ыраазычылык баракчасы» менен сыйланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ыраазычылык баракчада «Коомчулук туруктуу тынчтык үчүн» долбоорун ишке ашырууда, анын алкагында болуп өткөн иш-чараларды өткөрүүдө активдүү катышып, тынчтыкты сактоо үчүн кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет» деп баса белгиленген.

Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Эрназар ажынын мындан ары да иштерине ийгилик каалап, ар дайым элдин кызматында боло беришине тилектештигин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий