• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

2020-жылы Кыргызстанда калкты каттоо жүргүзүлөт – Боронов

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. 2020-жылы Кыргызстанда калкты каттоого алуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Калкты жана турак-жай фондун 2020-жылы каттоого алуу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) сунушуна ылайык, ар бир 10 жылда калкты жана турак-жайды каттоо жүргүзүлөт.

“Кыргызстанда 1999-жылдагы калкты каттоо маалында 4,8 млн адам болгон, ал эми 2009-жылы – 5,3 млн. адам”, - деди ал.

Бороновдун айтымында бул жолку калкты каттоо чечими 2016-жылы КМШнын саммитинде жана 2017-жылы КР өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган.

Биринчи премьер-министр билдиргендей, калкты жапырт каттоо үчүн ишти бүгүнкү күндөн тарта баштоо керек.

“Сапаттуу даярданыш керек. Калкты каттоонун сапаты биздин даярдыктан көз каранды”, - деп билдирип, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ролун баса белгиледи.

Кубатбек Боронов Финансы министрлигине каржы булактарын аныктоону тапшырды.

Андан тышкары ал ири долбоорду каржылоо маселесинде көмөк көрсөтө турган эл аралык уюмдарды табуу керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий