• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Турсунбеков өкмөттүн отставкасын колдобойт

Саясат 0

Бишкек, 31-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президентке, шайлоонун алдында өкмөттү отставкага кетирбөөнү сунуш кылган. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, спикер Ысык-Көлдө Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөн, анда өзүнүн жана бир нече депутаттардын Сооронбай Жээнбековду убактылуу кызматынан четтетүү жана өкмөттү ордунда калтыруу пикирин айтканын билдирди.

“Бирок президент мага, маалымат жыйында шайлоодо административдик ресурс колдонуу боюнча суроо берилгенин айтты. Алмазбек Атамбаев коомчулукта мындай пикирдин жаралышын каалабай турганын айтты”,-деди Турсунбеков.

Төрага парламентти кезексиз жыйынга чакырыш үчүн президенттен кат жана 40 депутаттын макулдугу талап кылынат деди. Үч күндүн аралыгында спикер жыйынды белгилеш керек.

Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин кезексиз жыйын 22-августта өтөөрү маалымдалган болчу.

Пикир

Оставить комментарий