Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун президенти – башкармалыктын төрагалыгына Бузурман Субанов шайланды.
Компаниядан билдиришкендей, тиешелүү чечим "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов Бузурман Субанов тоо-кен тармагы боюнча такшалган адис, жетекчилик тажрыйбасы мол жаңы муундагы менеджер экенин белгилеп, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, буга чейин "Кумтөр Голд Компанинин" жетекчиси кызматын аркалаган Алмазбек Барыктабасов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан өз каалоосу менен бошотулган.
Пикир
Оставить комментарий